http://www.ktrk.kg/Бишкектеги газга ууланган окуучулардын абалы жакшы

Бишкектеги газга ууланган окуучулардын абалы жакшы

28 Нояб , 12:17 343

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте газга ууланган окуучулардын абалы жакшы. Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназиянын үч окуучусу мектепте жүрүп жаткан ремонт учурунда газга ууланганын, бирок учурда абалы жакшы экенин гимназиянын директору Мурат Касымбеков кабарлады. 

Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттен жылуулук тутумун оңдоого акча кеч бөлүнүп, тендердин жол-жобосу бүткүчөктү ремонт иштери 16-ноябрда башталган. Жылуулук түтүкчөлөрүн алмаштырганда окутуу башка убакытка жылдырылган. Кичинекей балдарга кызык болуп, алар ширетип жаткан жерди барып карап тура берип газга ууланып калышкан. 

Балдар башыбыз айланып жатат деп кайрылып, аларды сыртка чыгаргандан кийин таза аба менен дем алдырган соң өзүнө келип, сабакка кирип кетишкен.

Новости по дате