http://www.ktrk.kg/“Акнет" компаниясын текшерүү анын ишине тоскоолдук жаратпайт

“Акнет" компаниясын текшерүү анын ишине тоскоолдук жаратпайт

28 Нояб , 11:42 113

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Акнетти” текшерүү анын ишине жана сапатына таасир этпейт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниясынын баш кеңсесиндеги ыкчам тергөө иштери боюнча жарыялаган түшүндүрмөсүндө айтылат. Анда ишкананы текшерүү “Акнеттин” ишине жана кызматтардын сапатына таасирин тийгизбей турганы маалымдалган. 

Эске салсак, “Акнет" компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери 23-ноябрда митингге чыгып, ишканага байланыштуу текшерүүлөргө нааразы болушкан. Алар соңку жагдайлар жумушка терс таасир этип, айлык төлөөдө кыйынчылык жаралышы мүмкүн экенин айтышкан. Компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран "Акнетке" каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын билдиришкен. 

"Акнет" телекоммуникациялык компаниясынын баш кеңсесин Финансы полициясы 22-ноябрда текшерүүгө алган. Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. Мекеме компаниядан өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу боюнча документтерди табууга жана алууга санкцияланган тинтүү жүргүзгөнүн, анын негизинде тергөөгө керектүү документтер алынганын, алар кызмат көрсөтүүгө жана иштин сапатына эч кандай таасир этпей турганын билдирди.


Новости по дате