http://www.ktrk.kg/ЖК төрагасы Д.Жумабеков баштаган делегация иш сапар менен Россия Федерациясында

ЖК төрагасы Д.Жумабеков баштаган делегация иш сапар менен Россия Федерациясында

28 Нояб 2018 , 12:03 658

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Россия Федерациясына болгон расмий иш сапардын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Анда төрага эки өлкөнүн достук кызматташтыгына токтолуп, биргеликте иш алып барган уюмдардын ишин мындан ары да бекемдөө керектигин билдирди. 

"Кыргызстан Россия үчүн ишенимдүү өнөк боло алды. Парламенттер аралык кызматташтык эки өлкөнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп келет. Эки тараптуу пикир алышканда ар дайым негизги маселе катары эмгек мигранттарына байланышкан маселелер талкууланат. Биздин өлкөдө эмгектенген мигранттар жакшы шартка муктаж. Бүгүнкү күндө биз бардык шарттарды түзүү аракетин көрүүдөбүз. Мигранттар кыйналбашы үчүн эки өлкө тең кайдыгер карабашы абзел",- деп белгиледи Дастанбек Жумабеков. 

Ал эми Валентина Матвиенко эки тарап мындан башка саясий алакалар, билим берүү тармагын өнүктүрүү, парламенттик кызматташтыкты бийик деңгээлге чыгаруу тууралуу ойлорун ортого салды.

Төрага Дастанбек Жумабеков ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен дагы жолугушту. Анда Дастанбек Жумабеков эки өлкөнүн парламенттери тыгыз кызматташып жатканын айтып: "Бүгүнкү кызматташтык деңгээл эки мамлекеттин ортосундагы негиздүү делинген маселелерди кыйынчылыксыз чечүүгө шарт түзүүдө. Алсак, кыргыз жарандарынын айдоочулук күбөлүгүн Россия Федерациясынын аймагында колдонууда сиз тарабынан көрсөтүлгөн көмөк Кыргызстанда жылуу кабыл алынууда", - деди. 

Ошондой эле, Дастанбек Жумабеков Россия аймагында эмгектенип жаткан мигранттардын маселесин ортого салып, аларга берилүүчү жеңилдиктер, иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн эмгек келишимдери, жарандарды каттоону мыйзамдык жолго салуу көйгөйлөрүн көтөрдү. Буга жооп катары Вячеслав Володин көтөрүлгөн маселелер боюнча Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кеңири талкуулай турганын айтты.

Новости по дате