http://www.ktrk.kg/Жети - Өгүз районунда уяң жүндүү ак койлорду багуу демилгеси ишке ашууда

Жети - Өгүз районунда уяң жүндүү ак койлорду багуу демилгеси ишке ашууда

28 Нояб , 14:15 499

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жети-Өгүз районунда уяң жүндүү ак койлорду багуу демилгеси ишке аша баштады. Бул багытта райондун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына 217 баш уяң жүндүү ак кой Чүй облусунан алынып келинди. Эми муниципалдык ишкана койдун бул түрүн багып, аны фермерлерге жайылтуу иштерин жүргүзүшөт. 

Долбоорду айыл аймактагы жайыт комитети көтөрүп, муниципалдык ишкана уюштурушкан. Анын алкагында, Тилекмат айылынын жогору жагына мал кармоочу жай курулган. Долбоор жергиликтүү бюджеттен жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жүзөгө ашырылган. 

Ошондой эле, ак койдон сырткары чабандарга чоң унаа жана эки ат алынды. Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин билдирүүсүндө айыл аймакта 74 миң гектар жайыт жери бар. Анда 5 миңден ашуун бодо мал, 3,5 миңден ашуун майда жандык багылат. Бирок малды асылдандыруу боюнча иш жакшы жүрбөй жатат. 

Белгилей кетсек, өлкөдө расмий катталган алты миллион койдун 120 миңи гана уяң жүндүү койлор. Айыл чарба адистеринин пикиринде, меринос породасынын жүнү сапаттуу болгондуктан койдун бул түрүн көбөйтсө, малчылар эки эсе киреше табат.

"Негизки максаты уяң жүндүү койду пропагандалоо, санын көбөйтүү болуп эсептелет. Ишке ашса жергиликтүү элге арзан баада берип баштайбыз. Негизки каражат жайыт жерлерде жүргүзүлгөн чет элдик мергенчиликтен болуп жатат. Анан ошонун аркасы менен эле элдин жайытка болгон төлөмдөрүн да арзандатуу болууда",- деп билдирди Айылдык жайыт комитетинин жетекчиси Ашырбек Баяманов. 

"Бул ак кой союз менен кошо жоголуп кетти. Элдин баары оңой багылышна карап мындан баш тартып атпайбы. Себеби бул жаңы туулганда мажирөө болот. Ал эми кыргыз кой туутуна тың, чоңоюшу да бат болот. А бул ак койдун жүнү, эти кошо баа да. Өзгөчө жүнүнөн пайда көп түшөт",- дейт Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылынын тургуну Турдубай Мамытов. 

Новости по дате