http://www.ktrk.kg/Күнөскана чарбачылыгын иштеткен дыйкандардын эл аралык форуму өтүүдө

Күнөскана чарбачылыгын иштеткен дыйкандардын эл аралык форуму өтүүдө

28 Нояб , 16:16 466

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте өлкөдөгү күнөскана чарбачылыгын иштеткен дыйкандардын эл аралык форуму өтүп жатат. Соңку жылдары жашылча-жемиш түрүн күнөсканада өстүрүп, пайда көрүү кеңири жайылган. Азыркы күндө ишкерликтин бул түрү менен алектенгендердин саны эки жарым миңге барат. 

Алар жыйында бир катар маселелерди көтөрүп чыгышты: жер семирткич, жылытууга керектелүүчү көмүрдүн баасын арзандатуу, жаңы технологиялар аркылуу түшүмдүүлүктү көбөйтүү жана баанын туруктуулугун сактоо. Иш-чарага эл аралык ири компаниялар, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери да катышууда. Күнөскана ишин колго алган ишкерлер өлкөдө таза азык-түлүк өндүрүлгөнүнө карабай, сырттан химиялык аралашмалар менен азыктар көп келип, аны көзөмөлдөөдө алешемдиктер бар деп нааразы.

"Чет өлкөдөн кандай жол менен келип жатканын билбейбиз, нетраттар көп экени аныкталат. Биздин мамлекеттик органдар аларды карабайт",- деди Күнөскана чарбачылыгы ассоциациясынын башчысы Тилек Токтогазиев. 

Новости по дате