http://www.ktrk.kg/Экстремизмге жана радикализмге биргелешип каршы туруу маселелери талкууланды

Экстремизмге жана радикализмге биргелешип каршы туруу маселелери талкууланды

28 Нояб 2018 , 17:26 1446

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Атайын кеңешчиси Александр Аванесовду жана БУУ менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Контртеррористтик башкармалыгынын делегациясын кабыл алды. 

Экстремизмге жана радикализмге биргелешип каршы туруу боюнча маселелер жана чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун Глобалдуу антитеррористтик стратегиясын ишке ашыруу үчүн олуттуу күч аракет жумшап жаткандыгын белгилеп, 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын Концепциясы жана 2017-2022-жылдарга экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы кабыл алынгандыгын эске салды. 

Глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремизмдин алдын алуу боюнча миссиянын негизги максаты — бул экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшкө көмөктөшүү экенин белгиледи.

"Биз ар тараптуу кызматташууда конструктивдүү диалогду колдоого даярбыз. Активдүү жана жемиштүү ишиңиздер үчүн баарыңарга ыраазычылык билдирем", — деди президент Сооронбай Жээнбеков жана башкармалыктын тобуна миссиянын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Новости по дате