http://www.ktrk.kg/Ош шаардык жашылдандыруу ишканасы кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Ош шаардык жашылдандыруу ишканасы кыш мезгилине даярдык көрүүдө

28 Нояб 2018 , 18:00 2342

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын жумушчулары көчө бойлорундагы бак-дарактарды бутоо ишин жүргүзүп жатат. Максаты - электр чубалгыларына, түнкү жарыктарга жана жол чырактарга, жол белгилерине тоскоол болгон шактарды алуу менен кыш мезгилине даярдык көрүү. 

Бул үчүн аталган комбинат Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен уруксат алган. Бактарды иретке келтирүү иш - чарасы 2 айга уланат. Жалпы калаада 16 көчө бар.


Новости по дате