http://www.ktrk.kg/Өткөн 10 айда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 146 киши кармалды

Өткөн 10 айда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 146 киши кармалды

28 Нояб , 21:41 554

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

10 айда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 146 адам кармалган. Бир мамлекеттин чек арасына мыйзамсыз өтүп, үчүнчү өлкөгө чыгууга аракет кылган чет элдиктерди Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тышкы мигранттарды бирдиктүү башкаруу тутуму аркылуу аныктаган.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын басымдуусу Казакстан менен Тажикстандын жарандары. Алардын акыркылары Казакстандан чыгууга тыюу салынган коңшу өлкөнүн 3 жараны Кыргызстанга мыйзамсыз кирип, башка мамлекеттерге чыгууга аракет кылган учурда кармалышкан. Алар өз мамлекетинде насыясын төлөй албай, чыгууга тыюу салынгандар. Белгилеп коюучу жагдай, кармалгандардын баары чек ара өткөрмө пункттарынан эмес, башка посттон анча алыс эмес аймактардан өтүшкөн.

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандарды улуттук коопсуздук комитети чек ара кызматы менен биргеликте тышкы мигранттарды бирдиктүү башкаруу тутуму аркылуу аныктаган. Система жасалма документ менен өтүүгө аракет кылгандарды аныктоого жардам берет. Ошондой эле чет элдик жарандын кайсыл убакта өлкөгө киргени саат, мүнөтү, сүрөтү менен белгилүү болот.

Экинчи казак жараны Кыргызстанга Талас аркылуу кирген.

Кыргызстанга мыйзамсыз кирип, чек арадан 3-өлкөгө чыгууга аракет кылган жарандарга кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук кызматы менен Мамлекеттик чек ара кызматы кыргызстандыктарды жана чет элдик жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн Кыргызстандын аймагында жүрүү жана чыгуу тартиптерин так сактоого чакырат.




Новости по дате