http://www.ktrk.kg/Эрнис Кыязов: "Журналистикага кызыгуумду кыргыз телеси жараткан"

Эрнис Кыязов: "Журналистикага кызыгуумду кыргыз телеси жараткан"

28 Нояб , 23:17 195

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесинин легендасына айланган журналисттер тууралуу материалдарды берүүбүздү улантабыз. Бүгүнкү каарманыбыз мындан 15 жыл мурда Кыргыз телекөрсөтүүсүндө журналистиканын жаңы багытын баштап, курч тили, терең аналитикалык ой-жүгүртүүсү менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган Эрнис Кыязов.

Курч тилдүү, өткүр мүнөзгө жана жөнөкөй адамдык сапаттарга ээ Эрнис Кыязов. Анын твдагы алгачкы расмий жумушу мына ушул имаратта, 20 жылга жакын убакыт мурда КООРТ каналында башталган. Бүгүнкү күндө ал 40ка жакын коллективи бар 5-каналды жетектейт. Канал август айында кайрадан жандангандыктан мурдагы атын, абройун калыбына келтирүү, көрүүчүлөрдү сапаттуу маалымат менен камсыз кылууда ар бир кызматкер менен иштеп, студияда камеранын туура коюлушу, жарыктын берилиши боюнча да талкууларды акылдашып, пландаштырат.

Журналистиканын жаңы багытын, тагыраагы бийлик менен оппозициянын аракетин бейтарап талдаган, аркы, берки жээкти чымчып сүйлөп, сөөккө жеткирип, чукугандай сөз тапкан Эрнис Кыязов - деген ысым 2005-жылдагы революциядан кийин коомчулукка кенен белгилүү болгон. Ошол кезде Кыргыз телесин Коомдук каналга айландыруу аракети катуу башталып, ал “Ала-Тоо” маалымат программалар дирекциясына жетекчи болуп келген. Ошол маалда “Багыт” автордук программасын эфирге чыгарып, белгилүүлүгү арткан.

Эрнис Кыязов журналистикага кызыгуумду кыргыз телеси жараткан дейт. Ушундан улам да университетте окуп жүргөндө алгачкы тажрыйбасын "Замана" студиясынан баштайт. КТРде негизги студия эсептелген “Ала-Тоону” жетектеп андан ары каналдын башкы директорунун орун басары кызматына чейин жеткен. Кыргыз телеси Кыязовго кесиптик өсүш гана алып келбестен, турмушту үйрөткөн чоң мектеп да боло алганын айтат.

Эрнис Кыязов азыр да көрүүчүлөрдөн алыстаган жок. 5-каналды жетектөө менен бирге “Ток этээри” деп аталган саясий программаны алып барат. Жумасына бир ирет эфирге чыккан программаны автор өзү эле иш үстөлүндөгү компьютеринде монтаждайт. Заманбап теле журналист текст жазганды эле эмес, материалды камерага тартып, аны монтаждаганды да билиши керек дейт каарманыбыз. 





Новости по дате