http://www.ktrk.kg/Кол тийбестик керекпи?

Кол тийбестик керекпи?

28 Нояб 2018 , 23:08 834

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору парламенттин келээрки аптадагы жыйынында каралышы мүмкүн. Долбоор кечээ Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде колдоо тапкан. Демилгечи депутаттар "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр аны баш мыйзамга шайкеш келтирүү деп түшүндүрүүдө.

Экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бере турган жобону иштеп чыгуу демилгеси эң алгачкы жолу Бишкек жылуулук электр борборуна байланышкан маселелерди талкуулоо учурунда көтөрүлгөн. Демилге депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушевге таандык.

Долбоор Констиуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук-маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети тарабынан биринчи окууда жактырылды. “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын бир катар беренелерине өзгөртүү киргизилүүдө.

- Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда;
- Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө норманы алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда мамлекеттин эсебинен кайтаруу жокко чыгарылат.
- Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;
- Ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Аталган мыйзамдын 12-беренеси коомчулукту кызыктырган эң маанилүү маселе болууда. Анда экс-президент кол тийгис укуктарга ээ экени, мамлекет башчысы болуп турган учурдагы аракеттери үчүн кылмыш жообуна тартылышы, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга, же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес деп белгиленген. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан дал ушул жобону толугу менен жоюу сунушталды. Бирок мыйзам артка иштебей, кабыл алынган ченемдер кийинки экс-президенттерге карата гана колдонулуп калышы мүмкүн деген пикирлер айтылды. Демилгечилер буга макул эмес. Мурдагы мамлекет башчынын кол тийбестиги конституция аркылуу корголбогону белгиленди. Мындан улам депутат Курманкул Зулушев экс-президент азыр да кол тийбестикке ээ эмес деген пикирде. Болгону тиешелүү мыйзамды баш мыйзамга шайкеш келтирүү зарылчылыгы жаралган. Эл өкүлү баш мыйзамдагы “Кыргыз Республикасынын бардык жарандары мыйзам жана сот алдында бирдей” деген эрежеге таянууда. Эгер конституцияга кандай гана мыйзам карама-каршы келсе ал жокко чыгарылат.

Демилге парламентте гана эмес, көпчүлүк талдоочулар тарабынан да колдоого ээ болууда. Кол тийбестик жоопчерчиликтен алыстатып, мамлекет башчыларынын ар кандай кылмыштарга кириптер болушуна түртөт деген пикирлер бар.

Учурда Кыргызстанды бешинчи мамлекет башчысы башкарууда. Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев экс-президент макамын алган. Ал эми ыңкылаптардан улам бийликтен четтеген Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев андай макамга ээ эмес. Коомчулук тарабынан кандай кабыл алынат деп күтүп жаткан мыйзам долбоору келээрки аптада парламенттин жалпы жыйынында эл өкүлдөрүнүн элегинен өтөт.



Новости по дате