http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад облусундагы өзгөчө жер көчкү кооптуу делген аймактар

Жалал-Абад облусундагы өзгөчө жер көчкү кооптуу делген аймактар

28 Нояб 2018 , 23:23 1980

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусу боюнча 1 миң 654 кожолук дагы деле жер көчкү коркунучу бар аймакта жашап жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн Сузак районунун тургундары түзөт. Өзгөчө кырдаалдар министри жер көчкү коркунучу бар аймактын жашоочулары менен жеринде жолугуп, тобокелчиликке салбай, ар ким өз коопсуздугу үчүн жооптуу болушу керектигин, жана алдын алуу чараларын колго алууну түшүндүрдү.

Азыркы тапта Жалал-Абад облусу боюнча жер көчкү коркунучу бар аймакта 1 миң 654төн ашуун үй-бүлө жашап жаткан болсо, анын 650сү эле Сузак районунда. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылында да 54 кожолук кооптуу аймакта жашап жатат. Мында жашап жаткандардын бири Дубанакул Машиев, коопсуз жакка көчүп кетүү үчүн жер тилке жок болуп жатканын айтат. Ал ушул күнгө чейин жер алган эмес. Буга чейин Ак-Терек айылынын 51 үй-бүлөсүнө коопсуз жактан жер берилип, алардын баардыгы көчүп кетишкен.

2016-жылы Кызыл-Туу айыл өкмөтү боюнча 306 үй-бүлөгө Көк-Булак участкасынан чек берилип, жер тилкеге ээ болгон жашоочулардын дээрлик бардыгы коопсуз жакка көчүп чыгышкан. Бирок маселе аны менен чечилген жок. Азыркы учурда 300 дөн ашуун кожолук дагы деле кооптуу аймакта жашайт. Аларды башка жакка көчүрүү үчүн жер тилке жок болуп жатыптыр. Мындан улам айыл өкмөтү 40 гектар жерди трансформациялоо үчүн тиешелүү кагазадарды топтоп, жогорку органдарга жиберген.

Бирок Кызыл-Туу айыл өкмөтү боюнча учурунда жер тилке алып, бирок көчпөй, кайра эле кооптуу аймакта жашап калган жарандар бар. Эми алар да жер сурап жатат.

Өз кезинде мамлекет тарабынан жардам алып, кайра эле кооптуу жерде жашап калган жана ушул күнгө чейин эч кандай жардам албаган жарандардын көйгөйүн жеринен билүү максатында өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө келип, кооптуу аймакта жашап жаткан эл менен жолугуп, көйгөйүн укту.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 5 миң 800 үй-бүлө кооптуу аймакта жашаса, анын ичинен 2 миң 800ү мамлекет тарабынан жер тилке жана башка жардамдарды алып, бирок кайра эле кооптуу аймакта жашап жатат. 



Новости по дате