http://www.ktrk.kg/Жумакадыр Акенеевдин элесине арналган форум

Жумакадыр Акенеевдин элесине арналган форум

28 Нояб , 23:14 139

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, экономика илимдеринин доктору, экономист Жумакадыр Акенеев кезинде өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процесстериндеги ийгиликтерине бараандуу салымын кошуп кетти. Анын алдыга койгон максаттары, жазган эмгектери, жеке адамдык сапаттары тууралуу бүгүн Жумакадыр Акенеевдин элесине арналган эл аралык экономикалык форумда айтылып, аны менен катар ЕАЭБдин алкагындагы интеграция, анын өнүгүшү тууралуу сөз болду.

Бишкек экономикалык форумун “Пикир” аймактык эксперттердин клубу уюштурган. Жумакадыр Акенеев кезинде бул уюмга өзү мүчө болчу. Кесиптештери анын өлкө экономикасына кошкон салымы, дегеле мамлекеттик кызматкердин мыкты үлгүсүн көрсөткөн, адамдык сапаты жагынан эч кимди алдыга салбаган инсан болгонун белгилешет.

Жумакадыр Акенеев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу учурунда көп эмгектерди жасаган. Анын уюштуруусунда бир катар иш-чаралар өтүп, уюмга мүчө өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба тармагындагы өнүгүүгө багытталган бир катар программа, концепцияларды жазган. 



Жергиликтүү жана чет элдик эксперттердин көбү чынында Евразия экономикалык биримдигинде позитивдүү өзгөрүүлөр басымдуу экенин белгилешти. Албетте көйгөйлөр да жок эмес, бирок аларды чечүү максатында мүчө мамлекеттер жаңы идея, ыкмаларды издөө жолунда.

Экономикалык форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, ал тиешелүү органдарга сунуштама катары берилмекчи. Белгилей кетсек, Жумакадыр Акенеев Евразия экономикалык биримдигинде өкүл, өлкөнүн Айыл чарба министри, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси жана Өнөр жай палатасы баштаган бир катар жооптуу кызматтарда эмгектенип, жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөргө жетишкен. Адистер анын баштап кеткен иштери улантыларын баса белгилешти.

Новости по дате