http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда туризмди эң кирешелүү тармакка айландыруу зарыл

Кыргызстанда туризмди эң кирешелүү тармакка айландыруу зарыл

29 Нояб , 10:10 543

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда туризмди эң кирешелүү тармакка айландыруу зарыл. Ал үчүн өлкөнүн толук потенциалы бар. Бул тууралуу 28-ноябрда парламенттин пленардык жыйынында айтылды. Анда «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууга алынды. 

Эл өкүлдөрү жыйында туристерге мамилени чек арадан баштоо зарылдыгын, аэропортко чет тилдерин билген, сылык кызматкерлерди коюуу керектигин жана визасыз режимди инвесторлорго шарт түзүү максатында мөөнөтсүз деп, чектебей киргизүү демилгесин көтөрүштү. Ал эми өлкөнүн коопсуздугун да эске алуу зарылдыгын айткан депутаттар даболду. Алар тышкы коркунучтар болгондуктан , аны дыкат талдап көрүп, анан биротоло чечим кабыл алуу сунуштарын айтууда. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате