http://www.ktrk.kg/Бишкек—Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрүндө кар көчкү атып түшүрүлөт

Бишкек—Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрүндө кар көчкү атып түшүрүлөт

29 Нояб , 10:09 542

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнтөн баштап Бишкек—Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрүндө артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосу боюнча, Бишкек—Ош унаа жолундагы 132-137-198-265-чакырымдарда кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул иштер 29-ноябрдан 5-декабрга чейин белгиленди. Бул аралыкта унаа жолдогу каттам мезгил-мезгили менен жабылышы мүмкүн.

Новости по дате