http://www.ktrk.kg/Аба ырайы кескин төмөндөйт

Аба ырайы кескин төмөндөйт

29 Нояб , 10:18 194

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

30-ноябрдан тарта өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймагында жана Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине кар түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"1-2-декабрь күндөрү күн кескин сууктайт. Мындай аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү пайда болот. Жаан жааган убакта унаалардын кыймылын оорлотот", — деп айтылат маалыматта.

Новости по дате