http://www.ktrk.kg/Салык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Салык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

29 Нояб 2018 , 11:42 899

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык прокуратурасы Салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 315-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура кабарлагандай, буга аталган бөлүмдүн кызматкерлери материалдык пайда табуу үчүн салык мыйзамдарын бузганы себеп болгон. 

Тагыраагы - алар биринчи топтогу майып жарандын макулдугусуз, кол тамгасын жасалмалап ага патент беришкен жана дагы бир жаранга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товар ташууга уруксат берген тастыктама жасашкан. Акыркы белгиленген жаран ушул документтерди пайдалануу аркылуу биримдикке кирген мамлекеттерден Кыргызстанга расмий түрдө товар ташып келип турган. 

Мыйзамсыз берилген патенттин негизинде 2018-жылдын январь айында Кыргызстанга 119 миллион 228 миң сомго товар алынып келинген. Ага 14 миллион 307 миң сом салык төлөнгөн эмес. Мунун натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Тергөөнү уюштуруу үчүн кылмыш иши тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.


Новости по дате