http://www.ktrk.kg/ Ак-Бата жаңы конушунун жашоочулары мектеп жетишпей жаткандыгына нааразы

Ак-Бата жаңы конушунун жашоочулары мектеп жетишпей жаткандыгына нааразы

29 Нояб , 7:03 529

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин четиндеги Ак-Бата жаңы конушунун жашоочулары мектеп жетишпей жаткандыгына нааразы. Аталган конуштун тургундары буга чейин мэрияга, депуттарга кайрылуу жасаган. 

Ал эми 2013-жылдан бери жаңы окуу имаратын курууга мүмкүн болбой келгендиги, жакында  бул иштер жүзөгө ашырылып баштары муниципалитеттен билдирилди. Бүгүнкү күндө Ак-Бата конушунда 200 орундуу жалгыз мектеп бар, анда миңден ашуун окуучу билим алат. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы “Биринчи  Радио”


Новости по дате