http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Көчөдөгү жарылган суу түтүгү турак-үйлөрдү каптап жатат

Элдик репортер: Көчөдөгү жарылган суу түтүгү турак-үйлөрдү каптап жатат

29 Нояб , 11:01 189

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Балта шаарынын Алексеевка айылынын Киев көчөсүндө 1 жыл мурун суу түтүгү жарылган. Бизге маалымат жөнөткөн тургундун айтуусунда алар тийиштүү мекемелерге кабарлап, ал тургай бир нече жолу барышкан. Бирок бир да жолу басып келишкен эмес. Учурда жарылган түтүктөгү суу көчөнү баткакка айландырганы аз келгенсип, үйлөрдүн короолорун каптап жатат. 

Бир жылдан бери ушул маселе менен алышып келебиз. Бирок көңүл бурбай коюшту. Үйлөрүбүздүн пайдубалына да коркунуч жаралууда. Ал эми көчөдөн басууга мүмкүн эмес. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате