http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: таштандыга толгон агын суунун абалы

Элдик репортер: таштандыга толгон агын суунун абалы

29 Нояб , 13:47 94

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Жалал-Абад облусундагы Кара-Жыгач айылынан агып өткөн суу боюна жергиликтүү тургундар 3 жылдан бери акыр-чикир, таштандыларын ыргытууну адатка айлантып алышкан. Бул суу эмнеге колдонулат, кайда барат билбейм. Көрүп тургандай бул сууга таштанды аралашып, жээги андан берки балдар ойноочу жерге чейин таштанды чачылган. Ушул көйгөйдү чечүүгө жардам болобу деген ой менен тартып сиздерге жөнөтүп жатам",-  деп кайрылган видеонун автору.

Бирок, тасмадан белгилүү болгондой, мындагы абалды аймактык жергиликтүү депутаттар көрүшкөнү менен эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате