http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Газдуу болобуз деп, башыбызга чейин баткакка малынып калдык...

Элдик репортер: Газдуу болобуз деп, башыбызга чейин баткакка малынып калдык...

29 Нояб , 14:04 193

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл борбор калаанын көпчүлүк конуштарына көгүлтүр от тартылып, тургундарды бир жагынан кубандырса, жолдорун казган бойдон калтырып түйшүккө да салып кетти. Биздин рубрикага ушул маселе боюнча да кайрылгандар көп. Бул жолу Арча-Бешик конушунун Шабдан көчөсүндө жашагандардын атынан келген.

Газпром газ киргизүүнүн гана аракетин кылды. Бирок андан аркысына башын да ооруткусу келген жок. Алардан кийин көчөдөн басууга мүмкүн эмес. Өзгөчө мектепке барган балдар кыйналып бутунан башына чейин баткакка малынып жатышат. Автоунаалар көрүнгөн жерде тыгылып калат. Мэрия бир аракетин кылсын.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате