http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кара-Балтадагы жарылган түтүктөн чыккан суу тургундардын короосун каптоодо

Элдик репортер: Кара-Балтадагы жарылган түтүктөн чыккан суу тургундардын короосун каптоодо

29 Нояб , 16:11 223

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Кара-Балта шаарындагы Жамбул көчөсү менен Темир жол станциянын ортосундагы борбордук суу түтүгүнүн жарылып, көчөнү каптаган суу тургундардын короосуна чейин кирип жатканы көрсөтүлгөн. Автордун айтымында, аталган суу түтүгү былтыр эле жарылып, суу чыга баштаган. Бирок, оңдоо иштери ушуга чейин жүргүзүлбөгөндүктөн, быйыл акыркы 2 айда түтүктөн чыккан суунун деңгээли көбөйгөн. 

Жергиликтүү жашоочулар тиешелүү сууканал башкармалыгына бир нече жолу арыз менен кайрылып, телефон чалышканы менен эч майнап чыкпай келет. 

"Ар кандай шылтоолор айтылып, көйгөй чечилбей келерин, алдыда кыш маселе кандай чечилет",- деп тынчсызданат айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате