http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Өзгөндөгү таштандынын арасынан орун алган жер-жемиш базары

Элдик репортер: Өзгөндөгү таштандынын арасынан орун алган жер-жемиш базары

29 Нояб , 15:03 101

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн шаарындагы азык-түлүк жана жер-жемиш сатылган базар Тазалык ишканасынын жанынан орун алган. Күнүгө базардын ичи менен таштанды салган унаалар өтөт. Бул жердеги жыттын айынан соода-сатык эмес, жөн эле басып жүрүүнүн өзү азап. Бирок элге айла жок экен. Ушундай сасыган, келемиштер ойноп жүргөн жерде соода кылып жатышса, калгандары келип сатып алып атышат. Мындай башаламандыкты жөнгө сала турган мекеме эмне иш алып барууда?- деп  элдин ден-соолугуна кабатыр болгон окурман бизге маалымат жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате