http://www.ktrk.kg/Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү жаран өз көрсөтмөсүн берди

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү жаран өз көрсөтмөсүн берди

29 Нояб 2018 , 17:02 544

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун прокурорун өлтүрдү деп шектелген Мелис Калыков маркум кылмыш ишин козгойм деп бир нече ирет коркутканы тууралуу көрсөтмө берди. Башкы прокуратура дал ушул жагдайды кылмышка негизги себеп болду деп эсептейт. 

Ал эми прокурордун өлүмүнө аны менен бирге иштегендердин тиешеси бар болушу мүмкүн деген божомол жокко чыгарылды. Кылмышка шектүү ошондой эле алгачкы көрсөтмөсүндө прокурор менен мушташып, андан соң кокусунан атып алганын мойнуна алганы белгиленди. Бирок буга чейин Мелис Калыков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы тууралуу кабар тараган. Ички иштер министрлиги да, Башкы прокуратура да бул айтылгандарды төгүндөдү. 

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Алар менен бирге мергенчиликке чыкты делген прокуратура кызматкерлери кызматтан четтетилип, тергөө иши уланууда.

“Ал өз көрсөтмөсүндө автоунаанын ичинен чатакташа кеткенин, сыртка чыгып мушташканын, кокусунан атып алганын, андан соң тамеки чегип жатып, Мамажакыповдун денесин байкабай өрттөп алганын айткан. Мурда ал башкарган Капиталдык курулуш башкармалыгына карата бир кылмыш иши козголгон, Калыковго эмес, ал башкарган мекемеге карата”,- деди Башкы прокуратуранын изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев. 

Новости по дате