http://www.ktrk.kg/Өлкөдөгү бюджеттин аткарылышы

Өлкөдөгү бюджеттин аткарылышы

29 Нояб 2018 , 22:22 798

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн былтыркы жылга бюджетинин аткарылышы, быйылкы республикалык бюджет, ошондой эле алдыдагы эки жылдын бюджеттик болжолу талкууланып жатат. 

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынына өкмөттүн курамы толук катышып, эл өкүлдөрү бир катар суроолорго жооп алышты. Депутаттар суроолор менен катар эле ар кандай сунуштарды да айтышты.


Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ошондой эле өлкө башчысынын шайлоо алдында берген убадаларынын аткарылышына кызыкты. Премьер-министр президенттин социалдык тармак боюнча, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы жана башка берген убадалары кандайча ишке ашырылып баштаганын тизмектеп берди.


Ал эми кыргыз өкмөтү мурдагы премьер-министр тарабынан кол коюлган “Кумтөр” боюнча макулдашуунун стратегиялык келишими мамлекеттин кызыкчылыктарын толук кандуу колдобойт деп эсептейт. Мындай пикир Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакында эле "Centerra Gold" компаниясынын башкы аткаруучу директору Скот Перри менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болгон.


Өкмөт башчы «Коопсуз шаар» долбоорун мындан ары ишке ашыруу тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө бардык тендердик процедуралар аяктап, тиешелүү техникалык иштер жүрүп жатат. Эми кийинки аптадан баштап 3 ай аралыгында ордо калаанын 38 көчөсүнүн кесилиштеринде жана негизги трассаларда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоо камералары орнотулат.




Новости по дате