http://www.ktrk.kg/Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерге акы төлөнөт

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерге акы төлөнөт

29 Нояб , 22:33 173

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Майып балдарын туруктуу караган ата-энелер 2019-жылдын 1-январынан баштап ай сайын 5 миң сомго жакын маяна ала башташат. Андан сырткары, ата-энелердин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына кам көргөн убактысы иштеген жылдары катары жазылып, пенсияга чыгууда да көйгөй болбойт деп ишендирет социалдык өнүктүрүү министри.


Ошондой эле, өлкөдө сурдопедагогдордун жетишсиздиги курч бойдон калууда. Мамлекет бул маселени да тез арада колго алышы керек дешет адистер. 


Учурда угуусу чектелген балдардын көйгөйү курч бойдон калууда. Айрыкча, сурдопедагогдорду даярдоо маселесин тез арада чечүү зарыл дешет адистер. Анткени, балага угуучу аппарат коюлгандан кийин, сүйлөөнү үйрөтүп, жашоого көндүргөн адистер жетишсиз.


Ошондой эле, ата-энелердин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына карап жүргөн убактысы иштеген жылдар катары жазылып турмай болду. Кадимкидей эле социалдык фондго төлөмдөр чегерилип, пенсияга чыгууга эч кандай тоскоолдук болбойт деп ишендирет министр. 




Новости по дате