http://www.ktrk.kg/Кадр артындагы  каармандар

Кадр артындагы каармандар

29 Нояб , 22:40 200

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесинин 60 жылдыгына карата даярдалган репортаждар түрмөгү улантылууда.  Бул жолу кадр сыртында эмгектенген адистер тууралуу сөз болот. 


Телевидениеде “мен” деген түшүнүк жок. “Биз” деген сөз бар. Анткени бир эле көрсөтүүнү эфирге алып чыгууда бери дегенде 25тен ашык киши эмгектенет.



Инженер-техник, режиссёр, үн режиссёр, жасалгалоочу, жарык берүүчү, оператор. Мына ушул кесиптин ээлиринин ат көтөргүс эмгегинин аркасында журналисттер, алып баруучулар элге таанылууда.

Телекөрсөтүүнү даярдоо оңой-олтоң иш эмес. Кадр сыртында иштегендердин ар биринин майда делгени менен маанилүү милдети бар. Мисалы: жарык менен студияга көрк кошо билүү чоң чеберчиликти талап кылат. 

Анан да жарыкты жөн эле берип койбой, аны ыгы менен берүү керек. Жарыкты кичине эле туура эмес берсе, сүйлөп жаткан кишинин келбети өзгөрө түшөт. Кыскасы, адамды нурлуу, жылдыздуу кылып көрсөтүү жарык берүүчүлөрдүн колунда.






Новости по дате