http://www.ktrk.kg/Экрандын 10 жыл жылдызы болгон Космос Чыдынов

Экрандын 10 жыл жылдызы болгон Космос Чыдынов

29 Нояб , 22:48 269

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаш, көрүнүктүү журналист жана диктор. Кыргыз телевидениесинин легендасына айланган бүгүнкү каарманыбыз 10 жыл кечки эфирдин жылдызы болгон Космос Чыдынов... Бүгүнкү күндө ал мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип келет. Бирок баары бир теледе иштөө кызыктуу экендигин айтат. Көрүүчүлөр болсо өзгөчө ысымы бар алып баруучуну унута элек.



Каарманыбыздын пикиринде, бир жолу эфирдин даамын таткан адам, камераны, микрафонду унутуу кыйын. Азыркы күндө Космос Чыдынов мамлекеттик кызматта, Президенттин Аппаратында эмгектенет. Бирок, кыргыз телесинде иштеген күндөрүн кубануу менен эстейт.

Өзгөчө ысымга ээ Космос Чыдынов КТРге 2005-жылы келип, ошол замат эле кечки экрандын жылдызына айланган. Көгүлтүр экранда сүйлөө, көрүүчүлөргө өлкөдөгү маанилүү жаңылыктарды айтып берүү Космостун бала кездеги кыялы болгон. Ал тилегин ишке ашыруу үчүн журналисттик жогорку билим алып, чоң сынакта көптөгөн алып баруучулардын арасынан жагымдуу келбети, уккулуктуу үнү менен алдыга суурулуп чыга алган.


Эски журналист болбойт - деген кесиптешибиз кайсыл жерде иштебесин өз кесибинин чебери. Жаш, амбициялуу Космос Чыдынов журналисттик, мамлекеттик кызматтагы топтогон тажрыйбасынын натыйжасында келечекте өзүн саясатта көргүсү келет. 





Новости по дате