http://www.ktrk.kg/ "Кара-Кече" бөлүмүндө дагы бир тараза коюлду

"Кара-Кече" бөлүмүндө дагы бир тараза коюлду

29 Нояб , 23:08 192

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" бөлүмүндө дагы бир тараза коюлду. Эми көп убакытка созулган кезек кыскарат. Бул жерден бир күндө 3 миң тонна көмүр чыгып, мамлекеттик мекемелерди, калкты кара алтын менен камсыздап келет. 


Жаңы тараза Кара-Кече менен Балыкчыдагы ишканага орнотулду. Ар биринин наркы 2 миллион сомдон ашык. Сексен тоннага чейинки жүктү көтөрөт. Принтер, эсептегич сыяктуу жаңы жабдууларды кызматкерлер кутучасынан алып чыгып, орното баштады.

Көмүрдүн казыла баштаган жеринен тартып, таразага тартылып кетип жатканына чейин видео көзөмөл орнотулду. Иш кандай тартипте жүрүп жатканын Бишкектен туруп көз салып турууга болот.


Бөлүм быйыл мерчемделген 450 миң тонна көмүр бериши керек. Мунун 120 миң тоннасы Бишкек жылуулук борборуна, калган 330 тоннасы элге каралган.




Новости по дате