http://www.ktrk.kg/Жогорку Кеңеште 2019-жылга бюджеттин долбоору жактырылды

Жогорку Кеңеште 2019-жылга бюджеттин долбоору жактырылды

30 Нояб , 10:03 331

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчётту бекитүү тууралуу", "2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды. 

Суроо-жооп форматында өткөн жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Өкмөт мүчөлөрү, өлкөнүн административдик мекемелеринин жетекчилери катышты. Премьер-министр Өкмөттүн атынан эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди жана Жогорку Кеңеш менен конструктивдүү иштөөгө ишеним көрсөттү. 

Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылга бюджеттин долбоорунда бир катар маанилүү жаңы киргизүүлөр камтылган. Ошону менен бирге ал депутаттар тарабынан айтылган бардык сунуштар жана эскертүүлөр Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алынарын ырастады.

Новости по дате