http://www.ktrk.kg/Каттоо кызматындагы мыйзамсыз иштер аныкталууда

Каттоо кызматындагы мыйзамсыз иштер аныкталууда

30 Нояб 2018 , 10:31 570

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук паспортту мыйзамсыз түрдө бергендер кармалды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, былтыр декабрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыргызстандын паспортун чет элдик жаранга мыйзамсыз беришкен. 

Ушундай эле факты түштүк аймакта дагы катталган. Ушул жылдын январында туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде жалпы жарандык паспорт белгисиз жаранга берилген. Анда 1993-жылы туулган Шавкат уулу Давлатхожанын наамы жазылган. Текшерүү маалында Шавкат уулу Давлатхожа 2 жашында эле оорудан каза болгону аныкталды. Аталган окуяны анын ата-энеси тастыкташты. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Новости по дате