http://www.ktrk.kg/Грузиядан аткезчилик жол менен унаа ташыгандар кармалды

Грузиядан аткезчилик жол менен унаа ташыгандар кармалды

30 Нояб 2018 , 11:19 1197

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Грузиядан кымбат баалуу унааларды аткезчилик жол менен ташыган трансулуттук уюшкан топ аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, алар ташып келген унааларды бажы төлөмдөрүн төлөбөй эле Кыргызстанга киргизип жүрүшкөн. 

Мындан тышкары, аталган топ Орусиядан уурдалган унааларды алып келип, жасалма жол менен ВИН-коддорун өзгөртүп, каттоо номурларын даярдап жүрүшкөн. Шектүүлөрдүн бири 28-ноябрда Армениядан Кыргызстанга экстрадицияланып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Өкмөт былтыр июлда унааларга болгон бажы төлөмдөрү менен салыктарды 2014-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөткөн. Андан соң, унаа көп импорттолгон багыттардын бири Грузия болуп калган.

Новости по дате