Чүй облусунда дыйкан - фермерлер үчүн окуу курстары жүргүзүлүүдө
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Айыл чарба министрлиги Чүй облусунун жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Семинар 26-ноябрдан тарта 6-декабрга чейин уланып, анда адистер ар бир райондогу дыйкандар менен фермерлерге окутуу курстарын жүргүзөт.
Айыл чарба министрлиги тарабынан өсүмдүк өстүрүүнүн ыкмалары, органикалык айыл чарба өндүрүшүн башкаруу жана дыйкандарга айыл чарба багытында жеңилдетилген насыяларды берүү механизмдери жана үрөн өстүрүү чарбаларды субсидиялоо жөнүндө түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары, катышуучуларга жердин агрохимиялык түзүмүн ошондой эле кыртыштын асылдуулугун, жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө жакшыртуу боюнча маалымат берилет. Жалпысынан алганда бардык багыт боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.