http://www.ktrk.kg/Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Китеп Time" аталган сынак өтөт

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Китеп Time" аталган сынак өтөт

30 Нояб , 13:40 557

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-декабрда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата китеп окуу боюнча республикалык жарыш өтөт. Иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. 

"Китеп Time" деп аталган сынакка ар бир облустан бирден тайпа жана Бишкектен буга чейинки өткөн турлардын жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлеген командалар болуп жалпысынан 17 курам катышат. 

Жарышта Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" жана "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармаларынын негизинде суроолор берилип, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылат.

Новости по дате