http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Аксы районун Кызыл-Көл айылындагы жол көйгөйү

Элдик репортер: Аксы районун Кызыл-Көл айылындагы жол көйгөйү

30 Нояб , 14:05 98

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Бул Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Көл айылына барган жол. Учурда жолдун абалы ушундай, бул кире бериш жери дагы жакшыраак, ылдый жагы мындан да начар. Аксы райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси эмне иш кылат белгисиз, аны ойготуп кое турган киши жок. Жолубуз болсо ушундай жыртык-тешик болуп бүткөн. Кышында техника каттоого мүмкүн эмес. Жайында айыл өкмөтү тарабынан жакшы ремонт болгон, ошол бойдон жолдун абалы ушул. Ушул ишкананын башчысы бир көзөмөлгө алынса жакшы болот эле. Анткени бул көчөдө унаа эмес адамдын буту сынчудай болуп калды",- деп билдирген автор өз видео тасмасында.  


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате