http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: жарылган түтүктөн чыккан суу жаңы жолду талкалады

Элдик репортер: жарылган түтүктөн чыккан суу жаңы жолду талкалады

30 Нояб , 16:43 184

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Токмок шаарындагы Слободская көчөсүнүн суу каптаган абалы көрсөтүлгөн. Аталган көчөнүн жашоочусу билдиргендей, бул жолду оңдоо иштери ушул жылдын апрель айында жүргүзүлгөн. Андан бери аз эле убакыт өтсө да, көчөнүн абалы начар. Суу каптап, көчөнү ылай басып, басууга мүмкүн болбогон абал жаралган. Көчөдөгү суу акырындап тургундардын короосуна чейин кире баштаган. Видеодон белгилүү болгондой, суу түтүгү жарылып, андан чыккан суу көчөнү каптаган. 

"Саламатсызбы "Элдик репортер"? Сизге өтүнүчүм бар эле, мен Токмок шаарында жашайм. Көчөбүздү суу каптап атат, анысы аз келгенсип короого да кирет. Коронун кире бериш жагы ылай, баткак болуп кеткен. Жазында квартальныйга айтып, арыз жазып, иши кылып арааң ондоткон элек. Чала оңдоп кетиптир. Кайра суу түтүгүнүн  мурунку жеринен суу чыгып көчөбүз суу",- деп билдирүү калтырган көчөнүн жашоочуларынын бири. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате