http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Баасы көтөрүлбөй, короолордо калган картошка

Элдик репортер: Баасы көтөрүлбөй, короолордо калган картошка

30 Нояб , 15:48 210

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жайлап айдоо аянтынан чыкпаган дыйкандардын минтип мээнети акталбай калды. Чогултуп алган картошкалары короолорунда жатат. Баасы 5 сомдон көтөрүлчүдөй эмес. Мындай маалыматтары менен Ысык-Көлдүн, Таластын дыйкандары бөлүшсө, бул жолу Кемин районунан келген.

Жазында үрөндүк картошканы 27 сомдон сатып алдык эле. Азыр сурап койгон адам жок. Баасы көтөрүлбөй, биздин кетирген чыгымыбызды актаган жок. Мээнетибизди айтпай эле коелу. Жылына картошканы кыдырып келип, алып кетишчү. Биз го карапайым дыйкандар колубуздан көп нерсе келбейт экен. Жок дегенде сыртка ташып чыгарууга аракет кылышса го.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате