http://www.ktrk.kg/Хакердик чабуулдар жана андан коргонуунун жолдору

Хакердик чабуулдар жана андан коргонуунун жолдору

30 Нояб , 23:54 551

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн маалыматты коргоонун Эл аралык күнү. 30 жыл мурда мына ушул күнү биринчи жолу компютерлерди массалык түрдө вирус каптаган. 

Андан бери дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү ири киберчабуулга кабылып келет. Компьютерди иштетпей коюп, колдонуучудан электрондук акча талап кылган вирустар көбөйдү.

Статистикалык маалыматка ылайык, дүйнөдө ар бир үчүнчү компьтерде мына ушундай вирус маалымат аркылуу кирет. Эмне кылуу керек?

Биринчиден, антивирустук програмаларды орнотуу керек. Бул биздин компютерибизди ар кандай хаккерлерден жана вирусттардан сактай алат. Сайттарга кирип жатканда дагы абдан окуп чыгып анан кириш керек. Тиркемелерди жүктөп жатып, аларды пайдалууда дагы абдан маани бериш керек. Себеби тиркемелер аркылуу дагы зыяндуу нерселерге учурап калышыбыз мүкмүн.

Адистердин айтымында, дүйнө жүзүндө ар бир колдонуучу бир күндө 30 жолудан кем эмес жолу интернетке кирет. Бирок смартфонду колго алганда, киберкылмышкерлердин курмандыгы болуп калуу тобокелдигинде турганын эч ким деле ойлонбойт. 

Хакерлер маалыматтык тутумга көбүнчө колдонуучулардын сыр сөздү алмаштырып туруу, кайсы бир дарекке кирбөө өңдүү жөнөкөй каталарынан пайдаланышат.




Новости по дате