http://www.ktrk.kg/Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу аяктаганы турат

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу аяктаганы турат

30 Нояб , 23:40 425

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу аяктаганы турат. Башкы прокуратура анын каттоо бөлүгүн сыноодон өткөрүүдө. 

Сот-укуктук реформа боюнча жумушчу топ жыйын өткөрүп, 1-январдан тартып күчүнө кире турган жаңы кодекстерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Сот реформасы боюнча кеңештин май айында өткөн отурумунда тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмалар берилген. Атайын түзүлгөн жумушчу топ андан бери 6 айдын аралыгында маанилүү иштер аткарылганын билдирүүдө. 

2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы жазык кодекси, жазык-процесстик, жазык аткаруу жана жоруктар тууралуу кодекстер иштей баштайт. Ага ылайык жаранды кылмыш жообуна тартуунун айрым эрежелери өзгөрөт. 

Кандайдыр бир келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша жоопкерчиликтер каралган. Майда уурулук, ден соолукка жеңил залал келтирүү өңдүү көрүнүштөр жорук катары кабылданып, ага себепкер болгондор айып пул төлөө же коомдук жумуштарды аткаруу менен чектелет. 

Мындан улам укук коргоо органдары да жазага тартуунун жаңы эрежелерин түшүнүп, ага ылайык иш алып барышы керек. Жер-жерлерде тартип сакчыларынын, прокуратура кызматкерлеринин даярдыгы текшерилди.


Новости по дате