http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар" долбоору ишки киришүүдө

"Коопсуз шаар" долбоору ишки киришүүдө

30 Нояб , 23:37 492

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган "Коопсуз шаар" долбоору мындан 7 жыл мурда башталып, ар кандай бүдөмүк пикирлерди жаратып келген.

Ноябрь айынын башында сынактын жыйынтыгында жеңип чыккан Орусиянын “Вега” компаниясы менен келишимге кол коюлуп, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга кепилдик катары алгачкы 3,5 миллион сом өлчөмүндө каражат төлөндү. Бул сумма долбоорду аягына чыгарууга кеткен чыгымдын 10% түзөт.

Ушул тапта бардык тендердик процедуралар толугу менен аяктап, тиешелүү техникалык иштер жүргүзүлүүдө. Мунун баардыгы долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабынын башталышы гана.

Ал эм келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдууларын орнотуу пландалууда.


Новости по дате