http://www.ktrk.kg/Залкар журналист Байма Сутенова

Залкар журналист Байма Сутенова

30 Нояб , 23:57 656

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

36 жылдан бери күжүрмөндүк менен эмгектенип Кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө зор салымын кошкон тажрыйбалуу журналист Байма Сутенова "КТРКнын легендалары" рубрикасынын бүгүнкү каарманы. 

Мына ушул коомдо болуп жаткан өзөктүү эң маанилүү окуяларга талдоо жүргүзүү менен курч маселелерди көтөрүп аны эң таамай чагылдырган "Жетиген" маалымат-аналитикалык программасын Байма Сутенова тажрыйбасы артып такшалган учурунда алып барган. 

Саясат айдыңындагы бул көрсөтүүнүн бедели ал убакта өтө жогору болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Алтын калем" сыйлыгына татыган.

Жаштарды туура жолго салууга багытталган “Абийириңди жашындан сакта” программасы Байма Сутенованын эң биринчи дебюту болгон. Ушул көрсөтүүсү аркылуу өзүнүн журналисттик дараметин көргөзгөндөн кийин гана 1982-жылдын 15-августунда ошол учурдагы комиттетин жетекчиси Асанбек Токомбаев тарабынан ишке кабыл алынган.

Жаштык жигердин, купулундагы чыгармачылыктын деми менен 36 жыл аралыгында көптөгөн көрсөтүүлөрдү даярдап эфирге алып чыгууга жетишти. Элет жериндеги карапайым турмуштун, дыйкан, малчылардын абалын чагылдырган “Элет баяны” программасы элдин арзуусуна татыган. 

Ал гана эмес бул материалдар үчүн Кыргызстан комсомолдорунун борбордук комитети тарабынан токтом кабыл алынган. Кыргыз телекөрсөтүүсү түз эфирдеги көрсөтүүлөр циклын дал ушул автордун «Жаштык пресс-бары» программасы менен 1986-жылы баштаган. Ток-шоу программаларынын негиздөөчүсү да Байма Сутенова болчу.

Учурда өзүнүн идеясы менен концепциясын бышырып туруп эфирге алып чыккан “Демократия сабактары” көрсөтүүсүн даярдап, өткөн тарыхты эске салып бурмалабастан кийинки муунга жеткирүүнүн аракетин көрүүдө.

 Ишине болгон сүйүүсү менен берилгендиги, эрктүүлүгү жана эмгекчилдиги Байма Сутенованы көп ийгиликтерди багындырууга себепкер болду. Мыкты журналист болуу менен катар 10 жыл телерадиокорпорациянын вице-президенти болуп Кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө ири салымын кошту. Анын кылган бул эмгектери эске алынып Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер сыйлыгына татыктуу болгон.


Новости по дате