http://www.ktrk.kg/1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

1 Дек , 14:38 403

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. 

Адистер бул сан расмий эмес эсепте эки эсе көп болушу ыктымал экенин айтышат. Дарт менен каттоого алынгандардын арасынан 1873 адам көз жумган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин тизмесине кирет. 

Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган. Ушул тапта дүйнөдө СПИДге алып келүүчү ВИЧ вирусун жуктурган кишилердин жалпы саны 37 миллионго чамалап калды. Анын эки миллиондон ашыгы бойго жете электер. Мындай статистикалык маалымат БУУнун Балдар уюму болгон ЮНИСЕФтин былтыркы баяндамасына камтылган.

Новости по дате