http://www.ktrk.kg/Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

1 Дек 2018 , 14:58 1112

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду 5-январга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу. 

Ага Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда кытайлык TBEA компаниясынын кызыкчылыгын коргогон деген айып тагылып, ушул жылдын 5-июнунда тергөө иши бүткөнгө чейин камакка алынган.

Новости по дате