http://www.ktrk.kg/Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарында өзгөчөлөнгөн спортчулар сыйланды

Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарында өзгөчөлөнгөн спортчулар сыйланды

1 Дек , 15:43 442

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл жайында Аргентинада өткөн Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарында өзгөчөлөнгөн спортчуларды сыйлады. Иш-чарага грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси – Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси – Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү – Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты. 

Өкмөт жетекчи спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктап, жогорку жыйынтыктарды багындырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Абылгазиев ошондой эле 2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын, ошондой эле спорттук стипендияларды жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынганын айтты. 

Ошондой эле 2019-жылы Ысык-Көл жээгинде эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушу башталат. Анда спортчулардын ири эл аралык таймаштарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кошумчалагандай, ведомство тарабынан Өспүрүмдөр олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчуларды 2020-жылы Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарына даярдоого тийиштүү көмөк көрсөтүлөт. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев спортчуларга ийгилик каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды.


Новости по дате