http://www.ktrk.kg/Жаңы жылга даярдык: борбордогу балаты 10-декабрда жандырылат

Жаңы жылга даярдык: борбордогу балаты 10-декабрда жандырылат

1 Дек , 15:54 253

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбордогу жаңы жылдык балаты 10-декабрда жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куламбаева билдирди. Анын айтымында, айрым маданий мекемелердин жанына балаты орнотулуп, быйыл жасалгалоо иштерин мэриянын карамагындагы ишканалардын кызматкерлери аткарат. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады. Бул сынакты шаардык муниципалитет уюштуруп, 31-декабрга чейин сынактын арыздарын райондук администрациялар кабыл алат. Сынактын байге фонду 1 миллион сом.

Новости по дате