http://www.ktrk.kg/Каракол менен Балыкчы шаарларындагы шамал үйлөрдүн чатырын учурду

Каракол менен Балыкчы шаарларындагы шамал үйлөрдүн чатырын учурду

1 Дек , 15:59 286

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун аймагында кар аралаш бороон болуп, Каракол шаарында үйлөрдүн чатырын учуруп, бактар кулап, электр түркүктөрү жыгылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди. Алардын айтымында, көбүнесе көп кабаттуу турак жайлар жабыркады. Маалыматтарга караганда, бороондон жабыр тарткан адамдар жок. 

ӨКМден билдиришкендей, 1-декабрга караган түнү Каракол менен Балыкчы шаарларында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал катталган. Учурда жеринде тиешелүү органдар иштеп, чыгымды эсептөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Новости по дате