http://www.ktrk.kg/Кол тийбестик керекпи?

Кол тийбестик керекпи?

2 Дек , 23:29 396

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн баш мыйзамынын 16-беренесинде Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген норма камтылган. 

Юристтер талдап бергендей, Конституцияга ылайык ар бир адам, депутат, министр болобу, премьер же президентпи эгер мыйзамга каршы иш аракет жасаса жоопкерчиликке тартылышы керек. Мунун өзү эле Кыргызстанда кол тийгис эч ким болбошу керек, колуң менен жасаганды мойнуң менен тартышың керек деген маанини туюнтуп турат.

Бирок бизде, 2003-жылы кабыл алынган мыйзам бар. Ал "Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" деп аталып, анын 12-беренесинде, Кыргызстандын экс-президенти болгон адамдар кол тийбестикти алып, өлкө башчы мезгилинде жасалган аракеттери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт, кармалып, камакка алынбайт жана тинтүүгө алынбайт, сурак бербейт деп жазылган. Мыйзам Акаевдин убагында кабыл алынган. Кызыгы, азыркы президентти импичмент аркылуу кылмыш жоопкерчилигине тартса болот, ал эми мурдагы президенттер кол тийгис бойдон калууда.

Бул арада Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев иштеп чыккан мыйзамдын долбоорун парламенттин Констиуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук-маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети биринчи окууда кабыл алды. 

Ага ылайык, экс-президенттер кол тийбестик укугунан ажыратылып, эгер кылмыш жасаганы аныкталса сот жообуна тартууга уруксат берилет. Мындан сырткары мурдагы президенттерди мамлекет тарабынан кайтарууга алуу, берилген социалдык жеңилдиктердин бардыгынан ажыратуу нормасы кирүүдө.

Белгилүү болгондой азыркы учурда, экс-президент макамына өткөөл мезгилде өлкөну башкарган Роза Отунбаевада жана андан кийинки президент Алмазбек Атамбаев гана ээ. 

Ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден бул макам ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети аркылуу алынып салынган. 


Новости по дате