http://www.ktrk.kg/Өлкөдө толук масштабдуу сот укук реформасы жүрүүдө

Өлкөдө толук масштабдуу сот укук реформасы жүрүүдө

2 Дек , 23:37 394

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө сот акыйкаттыгы орномоюнча кылмыштуулуктун санын азайтуу, жемкорлукка каршы күрөшүү аракеттеринен эч майнап чыкпайт. 

Азыркы учурда сот, укук коргоо органдары Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп эсептелип, аларга карата карапайым калктын да ишеничи абдан төмөн. Коомдогу мындай терс көрүнүштөр өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп, дүйнөлүк аренада да мамлекеттин кадыр баркына шек келтирет.

Бирок, иш бир орунда токтоп турган жок, өлкөдө толук масштабдуу сот укук реформасы жүрүүдө. 

Буга чейин соттук реформанын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүчү эксперттик жумушчу топ түзүлүп, ал 2019-жылдын январь айынан тарта ишке киргизилчү жаңы кодекс, мыйзамдардын жүзөгө ашыруу, анын алкагында аткарылчу жумуштарга даярдык көрүүдө. 

Октябрь айында өткөн кеңешмеде өлкө башчысы сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралрын билдирип, сот-укуктук реформасы качан ишке ашат деп эл күтүп жатканын, мамлекет жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин актоосу зарыл деп белгилеген.



Новости по дате