http://www.ktrk.kg/Шаардык муниципалитеттен 100 000 сом утуп ал!

Шаардык муниципалитеттен 100 000 сом утуп ал!

2 Дек , 0:15 165

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кылычын сүйрөп кыш да кирип келди. 2019-жылды тосуп аларыбызга бир айдан азыраак убакыт калды. 

Майрамдык маанай азыртадан эле байкалып, борбор калаада балаты орнотулуп, айрым мекеме ишканалардын алды жаңы жылга карата жасалгалана баштады.

Бул арада Бишкек мэриясы Жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады. Ошондой эле 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана "Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!" темасында өздүк фото сүрөттөргө сынак жарыяланат. 

Муниципалитет уюштурган бул сынак 1-декабрдан тарта 31-декабрга чейин уланат. Жалпы жети аталыш боюнча ат салыша турган сынактын жеңүүчүсү 100 000 сом сыйлык алат.


Новости по дате