http://www.ktrk.kg/Кыргыздын бешбармагы Гиннестин рекорддор китебине киргизилди

Кыргыздын бешбармагы Гиннестин рекорддор китебине киргизилди

3 Дек , 10:38 128

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында бышырылган салмагы 1 тонна 464 килограм бешбармак, узундугу 117 метр чучук Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Муну ырастаган сертификат 5 ай мурда берилген. Эми ыраазычылык билдирүүгө кезек келди. Ордо калаадагы соода борборунун биринде бешбармакты Гиннес рекорддор китебине киргизүү демилгесин көтөрүп, ага өз салымын кошкон демөөрчү, ашпозчунун баарына ыраазычылык билдирилди.

Ири көлөмдөгү бешбармак даярдап, аны гиннестин рекорддор китебине киргизүү демилгесине алгач демилгечилер өздөрү ишенген эмес. Аны бышырууга кеткен каражатты эсептеп, демөөрчү издеп жөнөгөн. Алар кайрылган акчалуулардын айрымдары шылдыңдаса, урушуп койгондору да четинен чыккан.
Ыраазычылык билдирүү иш-чарасында бешбармактын Гиннес рекорддор китебине киргенин тастыктаган сертификат көрсөтүлүп, буга салым кошкондорго ыраазычылык айтылды.
Кыргыздын улуттук тамагы бешбармак менен чучук Гиннестин рекорддор китебине киргенине жалпы кыргыз эли сыймыктанса болот. Анткени аталган китеп дүйнөнүн 130 тилине которулат. Демек бешбармак тууралуу миллиондогон киши билет.
1464 килограмм беш бармакты даярдоого 9 жылкынын эти колдонулган. Этти ондон ашык казанда даярдоого 40 чебер ашпозчу тартылган. Мындан сырткары, узундугу 117 метр чучук кошо бышырылып, келген конокторго, карылар үйүнө жана муктаждарга таратылган болчу.
Бешбармак эзелтен бери келе жаткан кыргыздын улуттук тамагы. Анын жасалышы көчмөн элге ылайыктуу - камыр менен эт. Бешбармак деп аталып калышы жа жөн жерден эмес. Аны кашык колдонбой, кол менен жешкен. Учурда бешбармак сыйлуу конокко устуканы менен кошо тартылып, кең пейилдикти, токчулукту жана урматтаган сый мамилени билдирет.


Новости по дате