http://www.ktrk.kg/Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү

Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү

3 Дек , 10:09 107

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-декабрь - мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. 1992-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 3-декабрды мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү деп жарыялаган. 

Бул күндү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомчулуктун жашоосунда толук-кандуу катыштыруу, алардын укугун сактоо максатында белгилешет. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптардын саны жылдан жылга өсүүдө. 

Алардын саны 2008-жылдан 2015-жылга чейин 120 миңден 173 миңге өскөн. Алардын ичиненен 28 миңи балдар. Жыл сайын өлкө боюнча 650-700 балага шал оорусу диагнозу коюлат.

Новости по дате